Учурда 65 долбоор активдүү ишке ашырууда. 2024–2025-жылдарда транспорт, логистика, айыл чарба, экология, калдыктарды башкаруу, туризм, билим берүү жана байланыш сыяктуу тармактарда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 14 жаңы келишимге кол коюлду. Бул долбоорлор боюнча тартылган жеке инвестициялардын жалпы суммасы 3,9 миллиард доллардан ашты.
2025-жылы кол коюлган маанилүү инициативалардын арасында:
- Бишкек—Ош трассасындагы «Келечек» акы төлөнүүчү тоннелин куруу жана эксплуатациялоо;
- «Трансевразиялык маршрутту» ишке ашыруу;
- Бишкектин айланма жолунун чыгыш бөлүгүн куруу;
- Кара-Сууда соода-логистикалык борборду түзүү.
Ошондой эле 2025-жылы социалдык жана регионалдык инфраструктура тармагында, анын ичинде медициналык мекемелер жана инновациялык билим берүү борборлору боюнча бир катар ГЧП долбоорлору ишке киргизилди.
2025-жылдын октябрь айында Бишкекте IV Эл аралык ГЧП конференциясы өтүп, анда калдыктарды башкаруу тармагында экологиялык инициативаларды ишке ашыруу боюнча Евразия өнүктүрүү банкы менен келишимдерге жетишилди. ЕАБР ГЧП борборунун негизги эл аралык өнөктөшү болуп калды.
2025-жылы институционалдык өнүктүрүү алкагында ЕАБР менен кызматташтыкта ГЧП Академиясы негизделди. Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында адистерди даярдоого жана профессионалдык резервди түзүүгө багытталган.
Мындан тышкары, 2025-жылы ГЧП жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кичине ГЧП долбоорлорун ишке киргизүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми;
- муниципалдык жерлерди жана мүлктү аукционсуз төмөндөтүлгөн ижара акысы менен берүү мүмкүнчүлүгү.
ГЧП борборунун баамында, бул өзгөртүүлөр ГЧП механизмдеринин инвестициялык тартымдылыгын жогорулатууга жана бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтууга жардам берди.