Расмий билдирүүдө бул окуя Кыргызстандын контролдоо жана сертификаттоо системасынын Европейдик Союздун талаптарына жооп берерин тастыктаганы айтылат.
Еврокомиссиянын чечими кыргызстандык бал өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын продукциясынын эл аралык аренадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берет.Мурда кыргыз балын европалык рынокко чыгаруу боюнча активдүү аракеттер жасалган, бирок катуу сертификаттоо шарттары буга тоскоолдук кылган.
Министрлик Европалык Союзга экспорттоого жеткиликтүү Кыргызстандан чыккан продукциянын тизмесин кеңейтүү боюнча иштерин улантат, деп маалымдалууда.