
Маалыматтык кызматташтык боюнча маанилүү келишим Кыргыз Республикасынын Туризм фонду, Экономика жана соода министрлигинин Туризм департаменти жана "Тундук" ААКсы арасында кол коюлду. Меморандумдун максаты туристтик тармакта санариптик кызматтарды өнүктүрүү.
Документке ылайык, тараптар "Тундук" платформасы аркылуу кызматташып, туристтик кызматтарды Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана Tunduk мобилдик колдонмосу менен интеграциялоого мүмкүнчүлүк алышат.
Меморандумдун негизги милдеттеринин бири - мамлекеттик жана жеке сектордун ар кандай электрондук кызматтарына колдонуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жеткиликтүүлүктү камсыздоо. Ошондой эле санариптик кызматтардын сапатын жакшыртуу, административдик процедураларды кыскартуу жана туризм тармагында электрондук башкарууну өнүктүрүү пландалууда.
Бул келишимдин алкагында санариптик продукттарды иштеп чыгуу, киргизүү жана колдоо боюнча биргелешкен иштер, ошондой эле иштеп жаткан мыйзамдык нормаларга ылайык маалымат алмашуу каралган. Мындан тышкары, электрондук кызматтарды тестирлөө жана этап-этабы менен ишке киргизүү, ошондой эле алардын популяризациясы боюнча биргелешкен иш-чаралар пландалууда.
Кол коюлган меморандум Кыргыз Республикасынын туристтик кызматтарын санариптештирүү жана туристтик потенциалын илгерилетүү боюнча кийинки аралыкта ведомстволор аралык кызматташтык үчүн негизги базаны түзөт.