Манас шаарында уруксат кагаздары жок курулган объект аныкталды
Бул иш-чаралардын алкагында Жалал-Абад облустук мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаменти тарабынан ар кандай курулуш объектилерине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө Н. А. Ашимова аттуу жаран Манас шаарындагы Пушкин көчөсүндө соода павильонун мыйзамсыз куруу менен алектенгендиги аныкталды, ал уруксат берүүчү документтерге жана мамлекеттик реестрде каттоого ээ эмес», - деп билдиришти министрликтен.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Ашимова Н. А. боюнча укук бузуулар жөнүндө акт түзүлүп, ага айып пул салынды. Бардык курулуш иштер токтотулду, ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн көрсөтмөлөр берилди.
Дагы окуңуз:
Рұқсатсыз курулуш Манас шаарында аныкталды: иштер токтотулду
Манас шаарында толук уруксат документтерин бере албаган компания тарабынан жүргүзүлүп жаткан...