
2025-жылы Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) өз ишинин жыйынтыктарын чыгарды жана фондулук рыноктун бир нече негизги категорияларында мыкты катышуучуларды атады.
Акция эмитенттеринин арасында биринчи орунду ОАО «Элдик Банк» ээледи, ал эми облигациялар категориясында мыкты деп ОсОО «Строй Дом. КГ» таанылды. «Жылдын компаниясы» наамы ОАО «Аэропорты Кыргызстана» берилди.
«Каржы секторунун лидери» номинациясында жеңүүчү ОАО «Мбанк» болуп, эң мыкты листинг компаниясы ОАО «Айыл Банк» деп тандалды.
Брокерлор арасында жылдын мыкты катышуучулары ОсОО «BNC FINANCE», ОсОО ФК «Сенти» жана ОсОО ФЦ «Аскоинвест» болуп белгиленди.
Мамлекеттик баалуу кагаздар секторунда лидерлер ОАО «KICB», ЗАО СК «Арсенал» жана ОАО НПФ «Кыргызстан» болду.