Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстан 467,1 миң тонна жандуу салмактагы эт өндүргөн, бул 2024-жылга салыштырганда 16,4 миң тоннага көп. Мындан тышкары, 2025-жылы мал жана тоокту союу боюнча өндүрүш 3,6% га, сүт 3,2% га, жумуртка 18,7% га, ал эми жүн 1,4% га өскөн.