12 жылдык ишмердүүлүгүндө Жогорку технологиялар паркында жалпы киреше 40,4 миллиард сомго жетти
Абакировдун айтымында, аталган мезгилде мамлекеттик бюджетке 761 миллион сом киреше салыгы жана 412 миллион сом социалдык төлөмдөр түрүндө которулган.
2025-жылдын үчүнчү кварталында айланма 11,4 миллиард сомду түздү, ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 16 миллиард сомго жетет деп болжолдонууда.
«Биздин тармак, кызматкерлердин аздыгына карабастан – бардыгы 3 миң адам, 12 жыл ичинде чоң инвестицияларды талап кылбай, жарым миллиард доллар киреше алып келди. Ошол эле учурда ПВТны өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бир тыйын да жумшалган жок. Биз 45 пайыздык өсүштү байкап жатабыз», - деди ал.
Учурда Технопаркта 463 компания катталган.