Наличный агым банктарда 2025-жылдын аягында 1,6 трлн сомдон ашты
2024-жылдын IV кварталы менен салыштырганда, өсүш 264 млрд 920,6 млн сомду түздү, бул 18,7% өсүшкө туура келет.
2025-жылдын III кварталында банктарга түшкөн каражаттын көлөмү 1 трлн 486 млрд 195,6 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4,5% көп.
2025-жылдын II кварталында банктардын кассаларына 1 трлн 344,9 млрд сом акча келип түштү, бул өткөн жылдын ошол кварталынын көрсөткүчтөрүнөн 6,3% жогору.
2025-жылдын I кварталы коммерциялык банктарга 1 трлн 224 млрд 531 млн сомдун келип түшүшү менен аяктады, бул 2024-жылдын башына салыштырганда 3,3% көп.