Кыргызстанда 2025-жылы эт өндүрүү 3,6% га өстү, 476 миң тоннага жетти
Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 16,4 миң тонна же 3,6% жогору. Көбөйүүнүн негизги себеби айыл чарба малдарынын санынын көбөйүшү болду.
Сүт өндүрүү боюнча, 2025-жылы 1 млн 881,5 миң тонна өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салыштырганда 3,2% жогору.
Мындан тышкары, 2025-жылы жумуртка өндүрүү 18,7% га өсүп, 938,4 млн даанага жетти, ал эми жүн өндүрүү 1,4% га көбөйүп, 13,3 миң тоннага жетти.