2025-жылы КФБнын баштапкы рыногундагы соода көлөмү 206,1 миллиард сомду түздү
Экинчи рынокто 2025-жылы соода көлөмү 5,7 млрд сомду түзүп, 1 101 келишим түзүлгөн. Салыштыруу үчүн, 2024-жылы бул көрсөткүч 4,4 млрд сомду түзүп, 789 келишим катталган.
2025-жылдын аягына карата КФБнын индекси 6 304,21 пунктка жетип, 2024-жылга салыштырганда 54,76% жогору болгон, ал учурда 4 073,94 пунктту түзгөн.
2025-жылы КФБда Евразия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен IT-инфраструктура жаңыланды, анын алкагында QUIK программалык камсыздоосу киргизилди.