Гүлчөдө 2026-жылга шаардык бюджет тууралуу талкууланууда
20-январдан тартып мэр Нурсултан Тажибаев шаардыктар менен ар кандай кварталдарда жолугушууларды өткөрүп, алардын пикирлерин жана сунуштарын көңүл буруп угуп жатат.
Бул жолугушууларда жашоочулар суу менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, коомдук транспорт, жолдордун абалы жана башка маанилүү социалдык аспекттер боюнча бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашууда, ошондой эле өз чечимдерин сунушташууда.
Бардык сунуштар жана жарандардын пикирлери протоколго жазылып, 2026-жылга шаар бюджетин иштеп чыгууда эске алынат.