Брокерлордун ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү биржаларга соода жүргүзүүгө катышуусун документ менен расмийлештиришет
Комиссиянын маалыматына ылайык, жаңы жобо улуттук биржаларга брокерлердин жана дилерлердин лицензияларын таанууга мүмкүнчүлүк берет, бул аларга баалуу кагаздар жана туундулар менен соода жүргүзүү үчүн түз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Бул келишимдин ишке ашуусу ЕАЭБдин алкагында өз ара соода жана инвестициялык мамилелерди тереңдетүүгө жардам берет деп күтүлүүдө, ошондой эле Союзга мүчө мамлекеттердин финансылык рынокторун өнүктүрүүгө түрткү болот.