
Экспорттун төмөндөшү
Бул көрүнүшкө эң чоң таасирди экспорттук жеткирүүлөрдүн кескин кыскарышы тийгизди, алар 43,5% төмөндөдү. 2025-жылдын 11 айында алар болгону $2 миллиард 591,6 миллионду түздү.
Импорт, өз кезегинде, 0,5%га кичине өсүш көрсөтүп, $11 миллиард 427,8 миллионго жетти.
Кыргызстан дагы деле импортко өтө көз каранды: тышкы жеткирүүлөр өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 81,5%ын түзөт.
Экспорттун төмөндөшүнүн себептери
2025-жылы Кыргызстандын өкмөтү ар кандай товарларды, мисалы, ломду жана айыл чарба жаныбарларын экспорттоого бир нече жолу чектөөлөрдү киргизди. Ошондой эле белгилүү товар категорияларын импорттоого тыюу салынган, бул тышкы соода жүгүртүүсүнө, айрыкча экспортко терс таасирин тийгизди.
Нацстаттын маалыматына ылайык, жандуу жаныбарлардын, бут кийимдердин, ошондой эле калдыктар жана жез лом, кара металлдар жана алтын жеткирүүлөрүнүн төмөндөшү байкалууда.
2026-жылдын башынан бери өкмөт мукулатура жана кагаз калдыктарын өлкөдөн чыгарууга тыюу салып, ал алты ай бою күчүндө болот. Мындан тышкары, лом жана кара металл калдыктарын экспорттоого чектөөлөрдү узартуу мүмкүнчүлүгү каралууда, жобо коомдук талкууга чыгарылган.
Жер семирткичтерди экспорттоого алты айга тыюу салынуусу мүмкүн. Бул долбоор да талкууга чыгарылган, максаты - маанилүү минералдык сырьёну көзөмөлсүз чыгаруунун алдын алуу жана ички рынокто жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу.
ЕАЭБ менен соода байланыштары
2025-жылдын 11 айында ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү $4 миллиард 933 миллионду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 1,3%га жогорулады. Бирок, бул жерде да дисбаланс байкалууда:
Кыргызстандын биримдиктеги өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,1%) жана Казакстанга (34,3%) тийиштүү. Жалпы алганда, ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандын тышкы соодасынын 35,2%ын түзөт.