Кыргызстан Россияда бизнес ачкан жарандар боюнча 3-орунга кирди
Белгилей кетсек, сунушталган изилдөөгө чет элдик физикалык же юридикалык жактар негиздөөчү же соосун негиздөөчү болуп саналган жеке ишкерлер кирбейт.
«Өткөн жылы чет элдик негиздөөчүлөр менен 8 932 юридикалык жак катталган. Учурда Россияда чет элдик катышуусу бар 66 202 компания иштеп жатат», — деп билдиришти Rusprofile өкүлдөрү.
Россияда жаңы уюштурулган уюмдардын эң көп саны Кытай, Беларус жана Кыргызстан бизнесмендери тарабынан түзүлүүдө. «АРБ Про» консалтингдик компаниясынын директорунун орун басары Роман Копосов, батыш өлкөлөрүнүн ишкерлеринин кетишинен кийин, достук мамиледеги өлкөлөрдүн ишкерлеринин жаңы «мүмкүнчүлүктөр терезелерин» тез арада толтуруп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, бул көрүнүштүн башка бир себеби логистикалык чынжырларды жана финансылык структураларды кайра жөнгө салууда жатат. «Бизнеске жаңы жеткирүү маршруттары, соода үйлөрү, ошондой эле кызмат көрсөтүү уюмдары жана складдар менен сатуу каналдарынын операторлору талап кылынат», — деп кошумчалады Копосов.