Торгово-экономикалык объектилерди курууга болгон инвестициялар КРда 37,9% га кыскарды
Бул тармактагы курулушту каржылоонун негизги булагы катары ишканалардын жана уюмдардын каражаттары, ошондой эле калк жана өлкөнүн резиденттеринин кайрымдуулук жардамы пайдаланылган. Бул булактар жалпы каржылоонун 98,1%ын түздү.
Ошол эле учурда, транспорттук ишмердик жана жүк сактоо тармагында пайдаланылган инвестициялардын көлөмү 2024-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырганда 1%га төмөндөгөн.
Транспорт жана логистика объекттерин куруу негизинен чет өлкөлүк кредиттер, республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ошондой эле ишканалардын каражаттары аркылуу каржыланган. Бул булактардын үлүшү жалпы каржылоонун 95%ын түздү.