Социалдык мекемелерде Бишкектеги "Евразия" тарабынан майрамдык акциялар өттү
Жардам акциясынын алкагында "Умут–Надежда" балдардын реабилитациялык борборуна, "Келечек" борборуна жана муниципалдык социалдык мекеме "Умут үйү"на керектүү үй-тиричилик буюмдары, ошондой эле жаңы жемиштер жана башка азык-түлүктөр берилди.
Социалдык мекемелердеги балдар үчүн Евразия орус тили борборунун окуучулары даярдаган театралдык көрсөтүү, ошондой эле эң кичинекейлер үчүн ар кандай оюндар жана көңүл ачуучу иш-чараларды камтыган маданий программа даярдалды.
Акциянын алкагында берилген бардык азыктар "Евразия" социалдык дүкөндөрү тарабынан камсыздалды.
Бул демилгени негизги максаты Кыргызстандагы социалдык мекемелерге чыныгы жардам көрсөтүү, кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу, ошондой эле кыйын жашоо шартында калган балдарга жана адамдарга колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Дагы окуңуз:
Парк "Евразия" "Умут - Надежда" борборунун балдарына майрам уюштурду
Бул күнү парк "Умут - Надежда" борборунун тарбиялануучуларын кабыл алып, аларга байыркы...
Без изображения
Республикалык кан борбору Бишкектин тургундарын донор болууга чакырды
Жакында карылар үйүндө болгон өрт менен байланыштуу, Республикалык кан борбору донордук кан...