Антимонополия кызматы 2025-жылы социалдык мааниге ээ товарлордун бааларын кармоо боюнча чаралар тууралуу маалымдады
Ал бул кырдаалга жооп катары мамлекеттик көзөмөл чаралары киргизилгенин белгиледи. Мындан тышкары, социалдык маанилүү товарлар жана күйүүчү-майлоочу материалдардын бааларын мониторингдөө боюнча активдүү иштер жүргүзүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн № 455 токтому менен бекитилген социалдык маанилүү товарлардын тизмесине 16 аталыш кирет. Алардын арасында ун, кант, өсүмдүк майы жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлар бар», - деп кошумчалады Иманкулов.
Анын айтымында, 2025-жылдын декабрь айына карата рыноктогу кырдаал туруктуулук менен мүнөздөлөт.
«Учурда баалардын кескин көтөрүлүшү байкалбайт. Бирок, 2025-жылдын башы менен азыркы көрсөткүчтөрдү салыштырганда, 7-10% чегинде кичине баа көтөрүлүшү байкалат. Бул көтөрүлүш инфляция процессине жана дүйнөлүк баалардын өсүшүнө байланыштуу. Жалпысынан, баа кырдаалы туруктуу бойдон калууда», - деп түшүндүрдү ал.
Мындан тышкары, Иманкулов президенттин администрациясынын жана тиешелүү министрликтердин, анын ичинде Азык-түлүк министрлигинин өкүлдөрү менен баалардын көтөрүлүшүн токтотуу боюнча соода түйүндөрүнүн жана базарлардын ээлери менен жолугушуулар өткөрүлгөнү тууралуу маалымдады.
Окшош материалдар:
