Россия түн ичинде Киев жана Львовду чабуулга алды, каза болгондор бар
Бир ракета сокку Днепров районундагы турак үйгө тийди, ошондой эле Деснян районундагы соода борборунда өрт чыккандыгы катталды. Печер районунда 24 кабаттуу турак эмес имарат жабыркаган. Кличконун маалыматына ылайык, критикалык инфраструктуранын жабыркашы шаарда электр энергиясы жана суу камсыздоодо бузулууларды жаратты.