Азия Олимпиада Кеңешинин жаңы президенти шайланды
Ташкентте өткөн 46-Жалпы ассамблеяда Азия Олимпиада кеңешинин жаңы төрагасы болуп шейх Джоан бин Хамад Аль-Тани шайланды. Ал бул кызматка ден соолугунан улам кызматтан кеткен Индиянын Рандхир Сингхинин ордуна келди.