Ош шаары эки эсе кеңейтилди: Генпланды иштеп чыгууга болжол менен 239 млн сом каралган
4-мартта Ош шаардык кенешинин сессиясында депутат Кутманалы Абдрахман уулу Ош шаары үчүн генеральдык планды иштеп чыгуу боюнча учурдагы абал тууралуу маселе көтөрдү. Шаар курулушу жана региондук архитектура башкармалыгынын орун басары Мирлан Өмүралиев, шаар үчүн генеральдык планды курулуш министрлигинин департаменти иштеп жатканын билдирди.