Ата-энелерди узун каникулда балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырышат
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ата-энелерге жана камкорчуларга балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт. Каникулдардын башталышы менен балдар көчөдө көбүрөөк убакыт өткөрүп, достор менен байланышта болушат, ошондуктан ата-энелер балдарынын кимдер менен жана кайда экенин билиши маанилүү, ошондой эле аларга коомдук жайларда жана короодо коопсуз жүрүүнүн негизги эрежелерин түшүндүрүшү керек.