Кыргызстандыктар телефондук алдамчылыктын өнүгүшүнө кантип өздөрү жардам беришет
Телефондук алдамчылык учурлары Кыргызстанда олуттуу тынчсызданууларды жаратууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин кылмыш иликтөө башкармалыгында иштеген милиция капитаны Алисхан Акылбеков «Биринчи радио» эфиринде билдирди. Акылбековдун айтымында, алдамчылар көп учурда милиция же ГКНБнын кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик жана жеке банктардын өкүлдөрү катары өздөрүн көрсөтүшөт.