Чүй облусундагы тоо лыжа базаларын 200 милиция кызматкери көзөмөлдөйт
Учурда Чүй облусунда «Чункурчак», «Орловка», «ЗиЛ», «Нооруз», «Кашка-Суу», «Тоо-Ашуу», «Суусамыр» жана «Таатыр» лыжа базаларына барууга ачылган. Региондун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматына ылайык, кышкы курорттордогу эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, мыйзам бузууларды алдын алуу жана жол коопсуздугун камсыздоо үчүн бул сезондо 200дөн ашык милиция кызматкери активдүү иш алып барууда. «Лыжа тебүү сыяктуу кышкы спорт түрлөрү абдан кооптуу болушу мүмкүн. Жаракаттар жаңы