Ошто Баткенден жоголгон өспүрүм кыз табылды
Ош шаарында «Жаш өспүрүм - түн» профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө чоңдордун коштоосуз болгон 15 жаштагы өспүрүм табылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматына ылайык, бул иш-чаранын алкагында Ош шаарындагы жаш өспүрүмдөр боюнча инспекциянын кызматкерлери Баткен облусунун ИИБинде издөөгө алынган 15 жаштагы Р. Ф.ны аныктап, кармашкан.
