Нацбанк КР жаңы финансылык маркетплейстер үчүн иштөө эрежелерин сунуштады
Кыргызстандын Улуттук банкы (НБ КР) финансылык маркетплейстардын иши боюнча жаңы эрежелердин долбоорун сунуштады. Документтин негизги максаты — санариптик платформалардын ишин тартипке салуу, бирдиктүү технологиялык стандарттарды (API) киргизүү жана колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоону күчөтүү.
