Антимонополия кызматтары арачыларды эт баасынын көтөрүлүшүнүн бир себеби деп атады
- Кыргызстандагы эттин баасынын өсүшү арачылардын ишмердүүлүгү менен байланыштуу, объективдүү факторлор менен эмес. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын орун басары Муратбек Иманкулов радио эфиринде билдирди. Иманкулов жүргүзүлгөн анализдер чындыгында эттин чыныгы өздүк наркы салыштырмалуу төмөн деңгээлде экенин тастыктаганын белгиледи. Мурдараак, Министрлер кабинетинин орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да эттин баасы өндүрүш этаптарында эмес,
