Бишкекте Аймээрим Акишова жоголду. Ал жигити менен жолугушууга чыгып, кайра келген жок.
Маалыматка ылайык, Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тарабынан берилген маалыматка ылайык, 2001-жылы туулган Аймээрим Калысбековна Акишова издөөгө алынган. 6-январда Бишкектин жашоочусу милицияга кайрылып, эжесинин жоголгону тууралуу кабарлады. Такталгандай, Аймээрим Бакыт Асакеев аттуу жаш жигит менен жолугушууга чыгып, ошол убактан бери байланышка чыкпай калган.
