Узбекистанда соттолгон аялдарга жогорку окуу жайларына кирүүгө жана ал жакта алыстан окууга уруксат берилет
// Turmush Учурда Өзбекстандын жазаларды аткаруу мекемелеринде 2589 аял бар, алардын 1239унун орто билимден башка кесиби жок. Алардын ичинен 443 аял жогорку окуу жайларында окууну улантууну каалаганын билдиришти. Алардын социалдык реабилитациясын колдоо үчүн «Янги хаёт» («Жаңы жашоо») программасы ишке киргизилет. Мирзиеев аялдар ар кандай себептерден улам кылмыш жасагандыгын, бирок алар дагы өлкөнүн жарандары экенин жана коомго интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн алышы керектигин баса белгиледи.