Дубайдан Бишкекке каттамды кайра жандандырат
Авиарейстер Дубайдан Бишкекке эртең, 4-мартта кайрадан башталат. Бул маалыматты "Кыргызстандын аэропорттору" акционердик коомунун өкүлдөрү тастыктады. FlyDubai авиакомпаниясынын рейси 04:45те конушу күтүлүүдө. “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кувейттен да рейстер аткарылат. Ошол эле учурда, Шарджиден рейстер убактылуу токтоп турат.