Бардык ири иш-чараларга өлкөдө жабдууларды бир мамлекеттик ишкана камсыздайт, техника бир колдо болушу керек, - Маданият министринин башчысы
Учурда республикалык иш-чараларда мамлекеттик ишкана «Кыргыз Маданият Сервис» тарабынан берилген жабдуулар колдонулууда. Мурда жеке компаниялардан мындай жабдууларды ижарага алуу бюджетке чоң чыгымдарды жүктөп келген. Бул тууралуу Маданият министрлиги башчысы Мирбек Мамбеталиев АКИpress агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Мамбеталиевдин айтымында, «Кыргыз Маданият Сервис» күчтүү техникалык базага ээ.
