Кара-Бургон айылындагы китепканага коомдук ишмер Шаарбүбү Турдумамбетованын ысымы ыйгарылды
Кара-Бургон айылындагы китепканага коомдук ишмер Шаарбүбү Турдумамбетованын ысымы ыйгарылды, деп жазат Turmushтун кабарчысы. Маркумдун небереси Фархат Өскөнбаевдин айтымында, Ш.Турдумамбетова 12 жыл бою китепканачы болуп иштеген китепканага анын ысымын ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бул демилге айылдык кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынды. Бул боюнча анын балдары жана неберелери китепкананы керектүү жабдуулар менен камсыз кылышты, ал эми 5-январда ысымды ыйгаруу аземи өттү.
