АКШ Венесуэла мунайын дүйнөлүк базарда сатууга киришти
Блумберг агенттигинин маалыматына ылайык, АКШ Венесуэладан нефтьти эл аралык базарларга экспорттоону баштады. Бул маалымат АКШнын Энергетика министрлигинин расмий билдирүүсүндө айтылды. Билдирүүдө: «Венесуэлалык нефтьтин дүйнөлүк базарда сатылышы АКШнын, Венесуэланын жана биздин союздаштарыбыздын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Биз бул нефть жана нефть продуктулары менен операцияларды колдоо үчүн дүйнөдөгү алдыңкы трейдерлерди жана негизги банктарды тарттык» деп белгиленген.
