Таласта зампрокурорду 140 миң сом алып жаткан жеринен кармашты
Таласта райондук прокурордун орун басары пара талап кылуу шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат борбору билдирди. Тергөө маалыматтарына ылайык, айыпталуучу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пробацияда жана айыппулдарда турган соттолгондорго басым жасап, алардан систематикалык түрдө $2 миң талап кылган.