Кумтөрдү улутташтыргандан кийин бюджетке 1,6 миллиард доллардан ашык каражат түштү
2021-жылдан 2025-жылга чейин Кумтөр кенинин мамлекеттин контролуна өтүшүнүн натыйжасында Кыргызстан бюджетине чоң суммадагы каражаттар бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев билдирди. Касымалиевдин айтымында, Кумтөрдүн өндүрүш ишмердүүлүгүнөн бюджетке болжол менен 5 млрд 115 млн АКШ доллары (бул 400 млрд сомдон ашык) келип түшкөн. Алардын ичинен 1 млрд 176 млн доллар салыктар жана башка төлөмдөрдү түзгөн, ал эми кошумча 441 млн доллар дивиденд түрүндө алынган.