Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу биригип, Кыргызстанды алдыга жылдырабыз, — талапкер Ч.Мамажакыпова
Мен ушул ыйык аймактын кызымын.
Бул тоолордун шамалы мени бийиктикке жетеледи, ал эми элдин мээрими мага күч-кубат берди.
Алай — бул жөн гана жер эмес, бул менин жүрөгүм!
Элдин кубанычы — менин кубанычым, ал эми алардын азабы — менин азабым.
Бүгүн мен саясатчы катары эмес,
эл үчүн жүрөгүн берген кыз катары сөз сүйлөп жатам.
Биздин аймакта байлык бар, элибиз ыймандуу, мүмкүнчүлүктөр чексиз!
Бирок, ошол байлыктар элге жетпей жатат.
Жаштарыбыз жумуш издеп кетип жатышат…
Бул мен үчүн абдан оор.
Ошондуктан мен унчукпаганга мүмкүнчүлүк берген жокмун.
Эки жыл бою тынбай иштеп, эл үчүн жаңы жолдорду ачкан долбоорду иштеп чыктым.
Бул жөн гана кагаз эмес — бул ишеним, үмүт жана келечек!
✅ Логистика жана соода борборлору —
Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу бүткүл Борбор Азиянын жүрөгүнө айланат!
Жаштар жумуш табат, айылдар өзгөрөт, эл байыйт!
✅ Санариптик экономика —
Биздин продукциялар дүйнөлүк базарларга чыгат.
Кыргызстандын үнү дүйнөгө угулат!
✅ Жаштар жана аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөр!
Билим, колдоо, иш — ар бир үйгө жарык тартуулайт.
Мен элге сөз менен эмес — иш жүзүндө кызмат кылам!
Боорукердик, адилеттик, биримдик — бул менин жолум.
Эгер Алай ойгонсо — Кыргызстан ойгонот!
Эгер Чоң-Алай бириксе — элдин биримдиги күчөйт!
Эгер Кара-Суу кыймылдosa — өлкө алдыга жылат!
Келгиле, биргеликте өзгөрөлү!
Бирге Кыргызстанды көтөрөлү!
№8 көп мандаттуу шайлоо округу
№12
Мамажакыпова Чынара Жуманазаровна
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттыкка талапкер Мамажакыпова Чынара Жуманазаровнанын шайлоо фондусунан каржыланды.
Оплачено из избирательного фонда кандидата в ЖК КР по многомандатному избирательному округу номер 8 Мамажакыповой Ч.Ж., согласно регистрационному свидетельству номер 453 от 7.11.2025 года, выданному Центральной избирательной комиссией Кыргызской Республики.
Обсудим?
Смотрите также:
